Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда,14-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча жаан-чачын болуп, батыш тараптан муздак жел жүрүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +3...+8 градус. Ысыккөл облусунда түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, ал эми күндүз +4...+9 градустун айланасында жылуу болот. Жалалабат Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +3... +8 градус жылуу. Нарын жергесинде түнкүсүн -3төн...-8 градуска чейин суук болот, ал эми күндүз +5...+10 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Жамгыр себелеши мүмкүн. Абанын температурасы: түнкүсүн 0...+2, күндүз +6...+8 градус жылуу болот.

Күндүн узактыгы: 9 саат, 46 мүнөт.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG