БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен 11-ноябрда телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Анда негизинен эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери, тактап айтканда Кыргызстандын түндүгүнө Өзбекстандын газ берүүсүнө байланышкан маселе талкууланды. Натыйжада эки президент аталган маселе боюнча макулдашууга жетишишти. Ага ылайык, “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси “Узтрансгаз” ишканасы менен түз келишим түзүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн эмдиги аптада Ташкенге бара турган болду. Аталган эки ишкананын ортосунда 2003-жылдан бери мындай түз келишим болгон эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.