Бангладештин борбору Дакка шаарында бүгүн Түштүк Азия мамлекеттеринин эки күндүк бийик жолугушуусу башталды. Жыйында эл аралык террорчулук менен жакырчылыкка каршы аракеттер жана эркин соода тартиптерин орнотуу маселелери каралууда. Саммитке - Бангладеш, Бутан, Индия, Мальдив, Непал, Пакистан жана Шри-Ланканын өкүлдөрү катышууда.