Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин туугандары БУУга кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууда айтылгандай маркум депутат Баяман Эркинбаевди атып өлтүргөндөрдү таап жазалоо жана ага байланыштуу кылмыш иштерин тездетүү талабына өлкөнүн тармактык уюмдары жетиштүү маани бербей жатышат. Атүгүл президент Курманбек Бакиевге 8-ноябрда жиберилген кайрылуудан да жооп болгон жок. Нааразылык акциясын эки боз үйдө өткөрүп жаткандар Бириккен Улуттар Уюмунан Баяман Эркинбаевдин өлүмү менен анын камакта жаткан, куугунтукта жүргөн 11 тарапкерине байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү үчүн көз каранды эмес эл аралык комиссия түзүп жиберүүнү жана адам укуктарын коргоп берүүнү өтүнүштү. Талаптары аткарылбаса өздөрүн өздөрү өрттөөгө күйүүчү май даяр тургандыгын билдиришти. Боз үйлөргө “Алай” меймаканасына байланыштуу ишти караган сотторду жоопко тартуу жана президенттен Баяман Эркинбаевдин камактагы туугандарын бошотуу, анын менчиктерин кайтарып берүү жана жээнин өлтүргөндөрдү да жазалоо талаптары жазылган бир нече тасмалар илинди.

XS
SM
MD
LG