Өткөн жуманын аягында АКШ коргоо министрлигинин өкүлү, контр-адмирал Роберт Моулер менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жолугушуп, «Манас» аэропортунда жайгашкан Ганси авиабазасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Аталган министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, тышкы иштер министри АКШ тарап антиртеррордук күчтөрдүн авиабазасы «Манас» аэропортунда жайгашкандыгы үчүн жана ага туташ Чүй облусуна таандык аймактар үчүн ижара акысын жогорулатуу зарылдыгын, аэронавигациялык тейлөөлөр үчүн акы төлөөнү, айлана-чөйрөнү булгагандыгы, Ганси авиабазасынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жарандарына чыгаша келтирилген учурда төлөмдөрдү төлөөгө жана авиабазага сырттан ташылып келип жаткан товарлар үчүн КР салык мыйзамдарына ылайык иш-аракеттерди жасоого тийиш экендиги тууралуу маселелерди көтөргөн.
Бул шарттардын зарылдыгы тууралуу тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» берген маегинде мындайча билдирди:
- Ганси авиабазасы «Манас» аэропортуна жайгашкан соң, эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бирок ал азыркы талаптарга ылайык келбейт. Анткени ал улуттук кызыкчылыктан тышкары, өтө жөнөкөй, жеңил түзүлүп калган. Ошондуктан, биз АКШ бийлиги менен бирдикте жаңы келишим түзүүгө тийишпиз.
Кыргызстанда коалициялык күчтөрдүн авиабазасынан сырткары Орусиянын аскерий базасы да орун алгандыгы белгилүү. Сентябрь айында иш сапары менен келип кеткен Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Орусия өкмөтү тарабынан Кантта жайгашкан абамайданы үчүн бир нече млрд. рубльдан ашуун каражат бөлүнгөндүгүн жана бул каражат ириде Канттагы аскер базасын жаңыртууга, учактарды кондуруу, учуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жумшаларын жана ал акчанын азыраак бөлүгү аскер шаарчасынын социалдык курулуштарына, аскерлердин жашоо-турмушун жакшыртууга бөлүнөрүн айтып кеткен. Бирок аскер базасы Кант абамайданын ээлеп тургандыгы үчүн Орусия Кыргызстанга канча каражат төлөй тургандыгы тууралуу сөз болгон эмес.
Ошондуктан, айрым саясатчылар Кыргызстан АКШ жана Орусия мамлекеттерине бирдей мамиле жасоого тийиш деген ойлорду билдиришүүдө. Бирок «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев АКШдан айырмаланып, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда бир катар келишимдер бар экендигин белгилеп кетти:
-Кыргызстан эки тарапка бирдей мамиле жасай албайт. Анткени Орусия менен Кыргызстан шериктеш мамлекеттер катары келишимге кол коюшкан. Мындан тышкары биз Орусия менен аскердик ОДКБ уюмунда да өнөктөшпүз. Ал эми АКШ менен мындай келишим, шериктештиктер жок. Ошондуктан, Кыргызстанга карата бул эки мамлекеттин кызматташтык сапаты эки башка. Мына ушуга да көңүл бурууга тийишпиз.
Ал эми 7-ноябрь күнү Бишкекте өткөн «Евразия демилгелери» корунун жыйынында Ганси авиабазасын Кыргызстандан биротоло чыгарып кетүү талабы коюлду. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын пикири боюнча, Кыргызстан тынчтыкты көздөгөн, бейтарап өлкө болгон соң, анын аймагында эч кандай согуштук авиабазалар болуусу мүмкүн эмес.
Бирок 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон терракттын илеби менен Кыргызстанда жайгаштырылган бул база азыркы террор коркунучу күч алган учурда Кыргызстандын өзүнүн коопсуздугу үчүн да керек деген пикирлер да бар. Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаевдин айтымында, 1999-2000-жылдары болгон Баткен коогалаңында облустун эли 26 млн. сомдук жабыр тарткан. Ал эми Өзбекстандын учактарынын бомбалоосунан жана кыргыз тарап менен макулдашпай туруп, чегараны миналап салуунун кесепетинен 6 млн. сомдон ашуун чыгаша болгон. Экс-губернатор Ганси авиабазсынын Кыргызстанда түзүлүшү менен Баткенге коркунуч туудурган террористтердин аягы тыйылгандыгын белгилеп, антитеррордук күчтөрдүн аскерий базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу талап негизсиз деген ойдо:
- Ганси авиабазасынын Кыргызстандык коопсуздугу үчүн чоң мааниси бар. Ошондуктан, эртең эле бул база чыгарылып кетсин деген талаптар туура эмес.