Эртең Бээжин шаарында Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе боюнча алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталууга тийиш. Түштүк Кореянын президенти Но Му-хен бүгүн билдиргенге караганда, сүйлөшүү ийгиликтүү аякташ керек. Сентябрда өткөн сүйлөшүү учурунда Түндүк Корея өз программаларын токтотууга макул болгон, бирок ал үчүн дүйнө коомчулугунан кубат жана коопсуздук кепилдигин талап кылган.