Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

ПАРИЖДЕН ЧЫККАН “ӨРТ” ФРАНЦИЯНЫ КАПТООДО


Францияда он күн мурда башталган калаба дале уланууда. Өткөн түнү элирген жаштар жүздөгөн автомобилдерди өрттөштү. Тополоң ишемби күнү куптандан кийин Париждин түндүгүндөгү Лилл, чыгышындагы Страсбург, түштүгүндөгү Ниц шаарларын да коогага салды. Доминик де Вилпендин өкмөтү Түндүк африкалык мусулман жана теги африкалык ынды тургундарды тынчытуунун амалын издөөдө.

Франциянын ички иштер министрлигинин маалымдашынча, ээликкен жаштар өткөн түнү Париждин колтугундагы Ессонн аймагында эки мектепти, 1 300дөн ашуун автомобилди өрттөп бүлүнтүштү; спорттук гимназия тополоңчулар ыргыткан колдо жасалма бомбадан өрттөндү.

От каптаган гимназиянын жанында кейип турган аялдын айткан кеби:

- Бул кандай шумдук. Биз муну түшүнбөйбүз. Бул биздин үрөйүбүздү учурууда. Мындай бузукулук, сезимсиздик бизди ачуулантып жатат. Мыкты жабдылган гимназия бу тегеректе жашаган бардык жаштар үчүн “алтын бешик” болуп, жалпы элге таандык эле.

Полиция Париждин чет жакасындагы жана башка маалелерге кошумча жайгаштырылды. Бирок тополоң өлкөнүн Түндүк, Чыгыш жана Түштүк бөлүгүнө да жайылды. Бийликтер 300дөн ашуун калабачыны камакка алды.

Кабарчылардын билдиришинче, тополоңдун уюткусун Францияда туулган Түндүк африкалыктар менен теги африкалык ынды каралар түзүшүүдө. Премьер-министр Вильпен “жалбырттап бараткан отту өчүрүү” үчүн ишемби күнү маанилүү сегиз министрликтин жетекчилери жана мартабалуу кызматтагы мусулмандар менен атайын жыйын өткөрдү. Ички иштер министри Николас Саркозинин сөзүнчө, бийлик кризистен чыгуу үчүн чечкиндүү аракеттенет:

- Өкмөт өтө чечкиндүү. Элдин муктаждыгы күч аймакта тополоң жүрүп, коомдук мүлк талкаланууда… Кризис токтоп, тынчтык орногондон кийин, бул жерлердеги азыркыдай кызуу кандуулук катачылык болгонун ар бир адам түшүнөт.

Өкмөттө өткөн масилээттен кийин финансы министри Тьерр Бреттон чатакка шыкакчы болгон проблемаларды тартип орнотулгандан соң гана чечүү мүмкүн экенине көңүл бурду:

- Өкмөт азыркы абалдан чыгуу жана кырдаалды кадимки нукка салуу үчүн бар аракетин жасоодо. Башкы максат - Франциянын бир да аймагынын мыйзамдан тыш туруусуна жол бербөө жана өлкөнү бир ыргакка кайтаруу.

Шаар башчылар Вильпендин өкмөтүн чатакты чыккан жеринде баспай, башка жактарга жайылтып жиберди, деп сындашууда жана ээнбаштык азчылыктар жашаган жарды маалелерди каптайт деп чочушууда.

Премьер Вильпен тополоңчуларды топторго уюмдашты, элди полицияга жолотпой коркутууда, деп күнөөлөдү. Ал эми консервативдүү саясатчылардын бир жааты маң аткезчилери менен ислам согушчандарын жаштарды бийликке баш ийбөөгө түртүүдө, деп айыпташты.

XS
SM
MD
LG