Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Жерге муктаж адамдардын нааразылыгы уланды


БИШКЕК. 5-ноябрда Ак үйдүн алдында жүзгө жакын адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар аткаруу бийлигинен турак-жай салууга жер бөлүп берүүнү талап кылышууда. Нааразылык акциясынын катышуучулары жер алуу үчүн керектүү документтерди жергиликтүү бийликке буга чейин эле тапшырышкандыгын, бирок жер участоктору жең ичинен аларга эмес, башка бирөөлөргө берилип жаткандыгын айтышып, нааразылыктарын билдиришти:

- Мен баатыр энемин. Документтерибизди апрель айында эле тапшырганбыз. Жерди башка бирөөлөр эле жең ичинен алышууда. Президент биздин укугубузду коргойбу же жокпу? Биз эмне үчүн шайладык эле ал кишини, - деди өзүн Жумабүбү Жанузакова деп тааныштырган аял.

Өткөн аптада жер ээлеп алуучулар менен вице-премьер-министр Дания Үсөнов жолугушкан. Жолугушуу учурунда ал Бишкектин тегерегинен буга чейин документ тапшырылган атуулдарга жер берилгендигин жана мындан ары эч кимге жер берилбей тургандыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG