Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

КУРМАНБЕК БАКИЕВ МЕНЕН ФЕЛИКС КУЛОВ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРИШТИ


Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал президенттин жана өкмөттүн толук көзөмөлүндө турат. Президент Курманбек Бакиев премьер-министр Феликс Кулов менен бирге 2-ноябрда өкмөт үйүндө уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Бул маалымат жыйынында эки лидер өлкөдөгү саясий кырдаалга, конституциялык реформага, кыргыз-америка аскерий кызматташтыгына байланышкан суроолорго жооп беришти.

Эки лидердин маалымат жыйынын биргелешип уюштурушу коомчулукта ириде Бакиев-Кулов тандеми күчүндө экендигин далилдөө аракети катары кабылданууда. Анын үстүнө маалымат жыйынында президент Бакиев тандем юридикалык күчкө ээ болбогону менен, тараптар жигиттик сөзүндө бекем турушарын белгиледи:

- Кээ бир саясатчылар көрүшкөндө эле кучакташып өбүшө берет. Анан экөө эки жакка караганда эле бири-бирин жамандап кирет. Мен деле кучакташканды жактырбайм эми. Бу киши деле эркек. Мен деле эркекмин. Элдин көзүнчө кучакташып, өбүшө бербесек эле ойлошот окшойт, булардын бири-бири менен мамилеси начар деп. Андай эмес да. Токтотуш керек да муну. Качанга чейин эле муну сөз кыла бересиңер туугандар эми…

Президенттин тамаша аралаштырган мындай пикирин премьер-министр Феликс Кулов «Биз президент экөөбүз салттык ориентацияда элебиз. Ошондуктан, буга жол бербейбиз» деп коштоду

Анткен менен маалымат жыйынында башкы көңүл өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланышкан маселелерге бурулду. Президент Бакиевдин көз карашында, ал баштаган азыркы бийликти кетирүү максатында бейстабилдүүлүк жасоого кызыкдар тараптар бар. Бирок ага жол берилбейт, президент, өкмөт кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбайт деген Курманбек Бакиев №31-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга карата 1-ноябрда уюштурулган атайын иш чараларды туура кадам катары баалады:

- Мен сөзүмдүн башында орусча айтпадым беле, эгерде мына бул окуя Европада же Америкада болгондо, ошол мамлекеттин эл шайлаган депутатын өлтүрүп аткан болгондо, көрөт элеңер ошо түрмөдөгүлөрдү. Бир сааттын ичинде таптаза кылып тазалап чыгат эле. А биздикилер тергөөнү баштап, тергөөнүн негизинде эй, чык биякка, сен суракка келишиң керек десе, курал колдонушса, анан буларга чай куюп бериш керекпи. Туура кылган. Мындан кийин да ошондой кылат мыйзамга баш ийбегендерге.

Бакиев ошондой эле түрмөдөгү чектен чыккандар менен сүйлөшүүгө чакырган демократтарды колдобой тургандыгын билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 31-колонияда болгон атайын операцияга макул эместигин билдирип, өз алдына иликтөө жүргүзөөрүн кабарлаган:

- Менимче, бүт маселени тергөөгө коюш керек эле. Сотко өткөрүп, анан чечим чыгарганда башка колонияга өткөрсө болот эле. Бүгүнкү штурмду, №31-колониядагы БТР, пулеметторду, башка нерселерди колдонгонго мен түшүнбөй отурам.

Курманбек Бакиев ошондой эле маалымат жыйынында өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, экономиканы өнүктүрүү үчүн азыркы өкмөт, парламент менен беш жыл туруктуу иштөөгө кызыкдар экенин билдирди. Башкача айтканда, ал президенттик-парламенттик башкарууну жактайт, премьер-министрлик орунду жоюу ою жок. Буга чейин мындай демилгени Конституциялык кеңешменин бир катар мүчөлөрү көтөрүп келишкен.

Маалымат жыйынында мындан тышкары Кыргызстан менен АКШ ортосунда Ганси авиабазасына байланышкан макулдашуунун жаңы долбоору даярдалып жаткандыгын да президент кабарлады:

- Мен жашырбайм. Долбоор Кошмо штат тараптан көбүрөөк чыгымды талап кылат. Мына кыйла убакыт өттү, андан бери баа, инфляция дегендей. Биздин жерди пайдалангандыгы үчүн биз дүйнөлүк стандартка ылайык талап коюшубуз керек. Пайдаланылган ар бир чарчы метр үчүн төлөшү керек деген өңдүү башка маселелер бар.

Бир күн мурда Бакиев АКШнын кол башчысы Жон Абизейд менен жолугушуп, бул маселени талкуулаган. Президенттин айтымында, антитеррордук коалициянын алкагында Ганси базасына корогон чыгымдарын териштирүү үчүн жакынкы күндөрү АКШдан Бишкекке өкүлдөр келишет. Кыргыз тараптын иликтөөсү боюнча каражат жагынан айырма чыгып жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG