Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Тажик атуулдары Кыргызстандын чегара бекетине нааразы


БАТКЕН. 29-октябрда Баткен районунун Жайылма айылы менен Тажикстандын Шураб шаары чектешкен жерге коюлган чегара бекети жергиликтүү атуулдардын нараазылыгын туудурууда. Чорку-Шураб автожолу аркылуу тынымсыз каттап турган тажик атуулдары Кыргызстандын мындай иш аракетине каршы экенин билдирип жатышат, деген пикирин Тажикстандын Чорку айылындагы «Эл аралык келишүүчүлүк жана өнүктүрүү» коомдук уюмунун жетекчиси Нажимиддин Тахсинов 1-ноябрь күнү «Азаттыка» маалымдады. Жаңы коюлган бекет тууралуу Кыргызстандын чегара кызматына кайрылганыбызда, бул жашыруун «Канал» аттуу операция экенин, ошондой эле иш чара убактылуу мезгилде, баңгизаттардын үстүнөн көзөмөлдөө агенттигинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткандыгы маалым болду. Мындай маалымат 1-ноябрь күнү Кыргызстандын чек ара кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG