Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

ЖАЛАЛАБАТТЫК АЯЛДАРДЫН ТАЛАБЫ


29-октябрда Жалалабат облустук бийлигинин имаратынын алдында тынчтык митингин өткөргөн аялдар саясий оюндарды токтотууну, өлкөдө тынч эмгектенип-жашоого жетиштүү шарт түзүүнү жана коррупцияны азайтып, эл-жерге бөлүнүүчүлүктү токтотуп, аялдарды өкмөт иштерине тартууну талап кылышты. Алар кылмыш дүйнөсүнүн бийлик чөйрөлөрүнө үстөмдүк кылуусун сынга алышып, парламент депутаттарынын шайлоо алдындагы убадаларын унуткандыгына нааразы болушту.

Митингде аялдар өлкөдөгү соңку окуялар элдин тынчтыгын бузуп жаткандыгын белгилешти. Март ыңкылабынын алдында аялдар жүргөнүн,тоталитардык доор урагандан кийин аялдар жеке мүдөөлүү адамдардын кулуна, Кыргызстан саясий оюндардын театрына айланбоосу керектигин айтышты. Аялдардын тилегени - тынчтык, өлкөнү демократиялык жол менен өнүктүрүү. Жумушсуздук менен жакырлыктан улам энелердин митинг, пикеттерде жүргөнү ойлондурат. Акцияны уюштуруучулардын бири Жалалабат аялдар биримдигинин төрайымы Жанна Саралаева аянттагыларга ушундайча кайрылды:

- Жеке максатын көздөгөн адамдарды ээрчип, фанат болуп, Куловго, Бакиевге жана башкаларга каршы көчөлөргө чыккан нерселердин башын токтотолу деген максатта уюштуруп атабыз акциябызды. Мындан ары биз аялдар өзүбүздүн коомдогу ролубузду, ордубузду туура түшүнүп, сөзүбүздү айта билели.

Облустук Барпы театрынын артисти Шайыр Мамбетованын сөзү боюнча, кылмыш дүйнөсүнүн бийликке үстөмдүгү жана парламенттин өндүрүмсүз иштөөсү эл ичине бүлүк салууда:

- Силердин сессияда сүйлөп жаткан сөзүңөрдү угуп, кээде мен арданам. Манас атабыздай, Курманбек баатыр атабыздай болгон жигиттер чыккылачы, майда-чүйдө нерсени сүйлөшө бербей. Чарчатып жибердиңер. Силердин саясатыңар бизге кереги жок. Биздин элибизге, келечегибизге тынчтык гана керек. Көчөгө чыгып, болбогон бир нерсе үчүн кайра-кайра нааразычылык жарыялай бергенден биздин кыргыздын эркектери, жигиттери уялгыла.

Бийлик алмашканы менен өкмөт жөндүү иштей албай, анын ишмердүүлүгүнө мүмкүнчүлүк түзүлбөй, дагы эле коррупция күчтүү, трайбализм соолбой жатат. Март ыңкылабынын адилеттүүлүк, адам укугун сактоо максаттары жүзөгө ашалек. “Эркиндик” партиясынын мүчөсү Карамат Ысманова соңку жагдайды жогоркудай баалады:

- Дагы бир жыландын башын кылтыйтып чыгарып, элден эмес балекеттин баары жогору жактан башталып жатат. Мен айтар элем, ушул революция да депутаттарды шайлаганда келип чыккан. Өздөрүнчө уюмдашып, парламент өкмөткө каршы, өкмөт башкага каршы болуп отуруп, элдин тынчтыгын алганга таасирин тийгизип атат.

Бийликтин үч бутагын эриш-аркак иштөөсүн каалаган Назира Мамытова аялдарды бийликтин бардык тармактарына аралаштырууну сунуш кылды:

- Биздин аялдарыбызды колдоп, парламент, бийлик бутактарына аялдардын талапкерлигин көтөрүп, бийликке аралаштырышыбыз керек.Ошондо гана Кыргызстандын бүтүнчүлүгү, ошондо гана ынтымак болот.

Анаркан Жаныбаеванын пикиринде, өлкөдө гендердик саясат боюнча эң мыкты мыйзамдар бар, бирок ал иш жүзүндө сакталбайт.

- Үч аялды парламентте өткөрбөй койду. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Кыргызстанда анализдеп карай турган болсок гендердик саясат боюнча толгон-токой мыйзамдар жазылган. Мыйзамдарды окуп отурсак, Кыргызстан дүйнө жүзүндө гендердик теңчилик боюнча мыйзам жазууда биринчи орунда турат.

Митингчилер айыл өкмөт шайлоосунда лидер аялдарды колдоо чечимине келишип, аруу каалоо тилектери Кадыр түндө кабыл болуусун каалашты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG