Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

АКСЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Аксы районунда жумушсуздук менен жакырчылык өтө күчтүү. Тоо бөлүгүндөгү жарандарга бир сотыхка жетпеген, жери тегиз айылдарда 5 сотыхка чейин үлүш тийген. Жумушсуздук менен жакырчылыктын айынан атуулдардын көпчүлүгү Бишкекке жана Орусия менен Казакстанга кетүүдө. Таза суу жана сугат суусу да жетишпейт. Коңшу Өзбекстан менен чек ара проблемалары арбын. Райондук бийлик көйгөйлүү проблемаларды чечүүдө аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Жакырчылык менен жумушсуздуктан тажаган райондун миңдеген жарандары түрдүү чөлкөмдөрдө иштешет. Аксылыктарга жер үлүшү аз тийген, тоолуктардын тиешеси бир сотыхка жетпейт. Жолдун начардыгы аз келгенсип, талаш жерлердин Өзбекстан менен эмдигиче такталбаганы - райондун атуулдарынын коңшуларга көз каранды болуусуна түрткү берүүдө. Өлкө башчылар чечкиндүү иштесе, бул маселе алда качан чечилмек деп эсептейт ардагер Токтогул Теңирбердиев. Паспорт-виза маселеси да орчундуу көйгөй:

- Мурунку 3 километрден өтө турган жолдорубуз 30 километр узарды. Адамдарды жолдон текшерип, кыйнап атышат. Тогуз айыл өкмөтүндө жер үлүшү өтө аз. 1-2 сотыхтан жер үлүш алгандар бар, таптакыр жер үлүш албай калгандары бар. Көпчүлүгү чет мамлекеттерге иш издеп кетип атышат. Паспорт, виза маселелери чечилбей, Орусиядан департация болуп келгендер, келе албай жүргөндөр көп болуп атат.

Кербен шаарындагылар чака көтөрүп, суу издөө менен убара. “Тазасуу” долбоорунун качан бүтүп, ичеер суу качан чыгаары белгисиз:

- Эгин суу да, таза суу да жетишпейт. Биз Кербендин өзүндө эле жашайбыз, ичкенге суу таппайбыз, - дейт ал жөнүндө Жанай Казакбаева.

Нечен жылдан бери Актерек каналын куруу – сөз бойдон калды. Каналга тиешелүү 3,5 миң чарчы метр куур ташылып келген. Канал бүтсө, миңдеген гектар суусуз жер иштетилип, эл жумуш менен камсыз болмок. Кошдөбө айыл тургуну Сулайман Эсеналиевдин пикиринде, сугат суунун жоктугунан дыйкандардын мээнети акталбай атат:

- Актерек каналы али башталган жок. Үч жарым түтүкчөнү алып келип койгон, ошол бойдон турат. Адамдардын үлүш жерине эккен эгини кургап калды. Ага канчалаган эмгек, дары-дармек, урук кеткен. Демек ошол нерселерден кайтарым болбой калды.

Тоо бөлүгүндөгү калкты токойлордун ысырапсыз пайдаланып, кыйылып жатканы кейитет. Кичиакжол айылынын жашоочусу Бумария Дыйканбаева токой уурулуктарынын үстүнөн далай чыккан:

- Биздин токой чарбада өз ара кыюу өтө күч алып кеткен. Жаңгактар кыйылып, тамырлар казылып атат. Канчалаган жүктөлгөн товарлардын үстүнөн чыктым.

Жол, суу, чек ара көйгөйлөрү райондук бийликке тааныш. Жакырчылык менен жумушсуздукту жоюуга аракеттер жасалууда. Акимдин орунбасары Дамира Абдылдаева ушундай маалыматы менен бөлүштү:

- Мактанаарлык жыйынтыгыбыз жок. Себеби бизде элдин турмуш-шартына ылайыктуу жетишпестиктер болуп атат. Өкмөттө иштеп аткан проектте буюрса мүмкүн болушунча көрсөтүлгөн салымдарды жылдырабыз деген убадалар бар. Бирок ошентсе дагы биздин район айыл чарбалуу, тоолуу келгендиктен бардыгынын үлүштөрү негизинен камсыз болот. Биздин тургундар түшүнөт, өзүнүн 3-5 сотых жери барбы, ошону натыйжалуу пайдаланып, турмуш шартын оңдогонго аракет кылып атышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG