Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Мамкатчы Кондолиза Райс: Ирактын болочогуна жол ташталды


Иракта жаңы конституцияны бекитүү боюнча ишемби күнкү референдумга катышкан шайлоочулардын добушун саноо уланууда. АКШ президенти Жорж Буш добуш берүүгө шайлоочулардын 61 процентке жакыны катышканын, анын январдагы парламенттик шайлоого караганда тынч өткөнүн оң жышаан деп баалады.

Ирактын жаңы конституциясы бекитилсе да, козголоңчулардын чабуулдары токтобойт. Бирок, эрегишчилерди колдоо азаят,-деп билдирди Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс:


- Биздин алдыбызда жакшы болочок бар. Ал, менин оюмча, өтө жакшы болот, демократиялу жана байдөөлөт Ирактын пайдубалы түптөлүп, өз ара түшүнбөстүктөр саясый жана мунаса жолу менен жөндөлөт. Бул Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөргө багыт болот.

XS
SM
MD
LG