Ишемби күнү шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу милдети америкалык аскерлер менен ирак армиясына жүктөлөт. Бул тууралуу Тикриттеги аскери база менен тике байланышта өткөрүлгөн маалымат жыйынында АКШ президенти Жорж Буш билдирди. Буш ирак өкмөтүнүн ички саясатын жогору баалады. Иракта сүннүлөрдү, шейиттерди жана күрттөрдү ынандырган конституция даярдалганы мага чоң асер калтырды, деп айтты ал. Буштун айтымында, документке байланыштуу мунаса тапканга бийликтер көп күчүн үрөдү, эми ирак эли конституциянын долбооруна добуш бергенге мүмкүндүк алышты. Өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү, бүгүнтөн тартып Иракта мамлекеттик жана административдик чек аралар жабылат.