Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Америкалык саясатчы орус президентинин аракеттерин фашизм деп атады


Прага шаарында бүгүн "Форум-2000" деген эл аралык жыйын башталды, ага дүйнөнүн эң атактуу саясий ишмерлери жана ойчулдары катышууда. Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелдин чакыруусу менен Прагага франциялык философ Андрэ Глюксман, Польшанын мурдагы тышкы иштер министри Бронислав Геремек, Малайзиянын оппозиция жетекчиси Анвар Ибрагим жана башкалар келди. Коноктордун бири, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин мурдагы башчысы Жеймс Вулсинин айтымында, азыр дүйнөдө демократиялык жетишкендиктерден кетенчиктөө байкалууда:

- 1990-жылдар менен XXI-кылымдын башындагы жетишкендиктердин бири - демократияны көздөй умтулуу багытында - азыр жана келерки жылдарда кетенчиктөө болот. Бирок Орусияны башкарган Путин баштаган фашизмди карай бул кыймылдын келечеги жок.

Прагадагы жыйында, башка маселелердин арасында, мурдагы социалисттик өлкөлөрдө жана ислам дүйнөсүндө орун алган проблемалар да талкууланууда.

XS
SM
MD
LG