БИШКЕК. Кыргызстандын парламенти жаңы имаратка муктаж. Бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен болгон жолугушууда көтөрдү. Төраганын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңеш азыр ээлеп турган имарат сейсмикалык жактан туруксуз экендиги тууралуу бүтүмүн эксперттер 1994-жылы чыгарган. Бирок жаңы имарат курууга бюджеттин каражаты жетпейт. Ошондуктан, парламент АКШдан инвестиция алууга кызыкдар. Элчи Йованович жолугушууда АКШ инфраструктурага каржылык жардам көрсөтө албай тургандыгын эскертүү менен, жакында АКШга барганда бул маселени көтөрөрүн убада кылды. Жолугушууда АКШнын элчиси Конституциялык реформага, инвесторлорду тартуу жагдайына, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшкө байланышкан маселелерге кызыкты.