Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Бишкек шаардык кеңеши шаар мэри сунуштаган төрт талапкерди жараткан жок


БИШКЕК. Шаардык кеңеш 30-сентябрда кезектеги сессиясын өткөрүп, анда шаар бийлигинин структураларына сунушталган талапкерлерге өз баасын берди. Регламентке ылайык, талапкерлерге жабык добуш берилип, натыйжада биринчи вице-мэрликке сунушталган Илья Клименко 26, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысына Өмүрканов Сталбек 34, муниципалдык мүлк боюнча комитет төрагалыгына Тентиев Эмил 28 добуш топтоп, шаардык кеңештен колдоо тапты. Ал эми вице-мэрликке сунушталган Тынычбек Табылдиев, Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысына сунушталган Сабыр Жумабеков, билим берүү башкармалыгына сунушталган Элнура Мырзаева, экономикалык ишмердүүлүк департаментинин директорлугуна сунушталган Нурлан Мамбеталиев шаардык кеңештин сыноосунан өтпөй калышты. Шаар мэри Арстанбек Ногоев бул орундар үчүн эми жаңы талапкерлерди сунуштамакчы.

XS
SM
MD
LG