Кечээги парламенттик шайлоодо оңчул-борборчул партиялар жеңишке жеткени кабарланууда. "Укук жана адилеттүүлүк" деп аталган партиянын лидери Ярослав Качинськи өлкөнүн жаңы премьер-министри болууга даяр экенин билдирип, тарапкерлери алдында мындай деди:
- Биздин партия жеңишке жетишти, бирок Польшага белгилүү бир идея алып келген программабыздын жеңгени мындан маанилүү.
Баштапкы маалыматтарга караганда, "Укук жана адилеттүүлүк " партиясы 28% добуш алган. Экинчи орунга 25 же 26% менен "Атуулдук платформа" партиясы чыкты. Польшанын жаңы өкмөтүн эми бириккенде парламенттеги 460 орундун 300дөн ашуунун алуучу ушул эки партия түзгөн жатат. Өлкөнүн учурдагы премьер-министри Марек Белканын Демократиялык солчул альянсын шайлоочулардын 11%дайы гана колдогон. Добуш берүүгө болсо калктын 40%дайы келген. Эми Польшада эки аптадан кийин президенттик шайлоо өтүп, азыркы президент Александр Квасьневскинин мураскери аныкталышы керек.