Улуттар Уюму “Адамзаттын өнүгүүсү, 2005-жыл” деген изилдөөнү жарыялады. БУУнун Өнүгүү программасынын өкүлү Жина Волыский айым Борбор Азия менен Сахара чөлүнүн атарабындагы Африка өлкөлөрүнүн артта калуусу чоң тынчсызданууну жаратканын, ал эми Евробиримдиктин ийгилиги чоң экенин айтып, мурдакы Советтер Союзунун батыш бөлүгүндөгү абал жакшырып баратканын белгиледи. Анын сөзүнчө, “теңсиздик өнүгүүгө чоң бөгөт” болууда.