Курманбек Бакиев менен Владимир Путиндин билдирүүсүндө эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын өнүктүрүүгө тараптардын кызыкчылыгы ырасталды. Бакиев орус өкмөтүнүн премьери Михаил Фрадков, Мамлекеттик Думанын спикери Борис Грызлов менен да жолугушту.