Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

АЙДАР АКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ


2-сентябрда Жогорку Кеңеш депутат Айдар Акаевды кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин карап, аны чечүү максатында депутаттык комиссия түздү. Эми комиссия 15 күндүн ичинде Башкы прокуратуранын материалдарын иликтеп, Жогорку Кеңешке өз сунушун алып чыгууга тийиш.

Айдар Акаевды кылмыш жообуна тартууга уруксат сурап, Башкы прокурор 24-июнда парламентке кайрылган. Бирок ошол кезде депутаттык комиссия түзүү демилгеси Жогорку Кеңештин жетекчилиги тарабынан колдоого алынган эмес. Эми депутаттар бул маселеге кайра кайрылып, тогуз депутаттан турган комиссия түзүштү. Комиссиянын курамын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болотбек Шерниязов жарыялады:

- Төмөнкү курамдагы депутаттык комиссия түзүлсүн. Депутаттар: Сатыбалдиев, Масалиев, Тагаев, Сабиров, Өскөнбаев, Коркмазов, Жамалдинов, Конгантиев, Исабеков.

Комиссия төрагалыгына депутат Исхак Масалиев шайланды. Эми комиссия Башкы прокуратуранын материалдарын 15 күндүн ичинде иликтеп, Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксатын, же каршылыгын билдирүүгө тийиш. Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, Айдар Акаевге байланыштуу 4 кылмыш иши бар. Депутаттарды Айдар Акаевден башка дагы депутаттарга кылмыш иши козголууда деген маалыматтар тынчсыздандырды. Ага карата Бекназаров мындай жооп берди:

- 3-4 депутаттын үстүнөн кылмыш иш бар. Каникулдан эми келдиңиздер, алардын өздөрүн суракка чакырып туруп, жакынкы күндөрдө алар боюнча сунушту да силерге беребиз. Алардын арасында депутат Мурат Малабаев да бар. Анын күнөөсү толук далилденип, материалдар жетиштүү болгондо сунушту беребиз.

Ошондой эле буга чейин козголгон ири кылмыш иштери тууралуу Башкы прокурор буларды ачыктады:

- Ушул айда ири чуулгандуу иштердин алтоосун сотко өткөрөбүз. Ошол эле Акматбаев да иш менен таанышып жатат, андан кийин сотко өткөрөбүз. Жайсаңбаевдин ишин кийинки айда бүтүрүп, сотко жөнөтөбүз. «Кыргызтелеком» боюнча Мамбеталиевдин иши да аяктоодо. Садыркулов жана Сарбанов боюнча иш жүрүүдө. Сарбановго кечээ күнү айып коюлуп, үй камагын бердик. Ушулардын баарын сотко берип жатабыз. Мен айтып коеюн, биз козгогон бардык иштерди сотко жеткиребиз. Анын ак-карасын сот текшерип, акыркы чекитти коюуга тийиш.

Башкы прокурор ошондой эле Бажы кызматынын башчысы Сарсен Омаркулов жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаевдин кызматына татыктуулугун карап көрүүнү сунуштап, президентке, өкмөт башчысына сунуш жазганын билдирди. Омаркуловго бажы тармагындагы коррупциялык иштер жана кемчиликтер боюнча, ал эми Таштемир Айтбаевге энергетика тармагындагы коррупциялык иштерге тийиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн кызматына татыктуулугун карап көрүү сунушталган.

Депутаттар Кубатбек Байболов менен Мелис Эшимканов «МСН» гезитине жарыяланган маалымат боюнча да атайын иликтөө жүргүзүүнү Башкы прокурорго сунуштады. Ал гезитте «А.К. аттуу депутат Ысыккөлгө бир катар депутаттарды топтоп, Айдар Акаевден акча алып, андан кийин аны камакка алууга Башкы прокурорго уруксат бербей коюуга үгүттөп жүрөт» деп жазылган эле. Бекназаров бул маалымат боюнча атайын иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештеги жыйынга Айдар Акаевдин адвокаты Максим Максимович да катышты. Жыйын соңунда ал буларды билдирди:

- Комиссия иштей баштаганда Айдар Акаев келип, комиссия менен кызматташат. Айдар Акаевдин келбей жатышынын себеби, анын өмүрүнө коркунуч бар. Ошондуктан буга чейин келбей жүрдү. Айдар Акаев Башкы прокуратура менен да кызматташып, түшүндүрмө берүүгө мурдатан эле даярдыгын билдирген. Менимче, Айдарга коюлган күнөөлөр негизсиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG