БИШКЕК. Бейрасмий маалыматтар боюнча, учурда өлкөдө кароосуз калган балдардын саны 10 миңге жакын. Ал эми расмий маалыматтарга ылайык, алардын саны 2 миңден ашуун. 30-августта ички иштер, билим берүү министрликтеринин, Бишкек шаарынын администрациясынын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү борбор калаадагы балдардын реабилитациялык борборлорунда болушту. Бул борборлор негизинен чет өлкөлүк гранттардын эсебинен иштейт. Ал жердеги балдардын бир бөлүгү ата-энесиз болсо, бир бөлүгүнүн ата-энелери өз ыктыялары менен балдарын багуудан баш тартышкан. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурованын пикиринде, кароосуз балдарга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн атайын стратегиялык реформа жүргүзүлүшү керек. Ага мамлекеттик структуралардын, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын да катышышы зарыл.