БИШКЕК. Кыргызстанды быйыл газ менен «Казтрансгаз» жабдышы ыктымал. Буга байланышкан маселе учурда Казакстан менен сүйлөшүлүп жатат жана ал 10-сентябрга чейин чечилиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу 29-августта «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысынын орун басары Кубанычбек Жусупов билдирди. Анын айтымында, Казак тарап Кыргызстанга газды Өзбекстан газынан бир долларга кымбат берүүнү сунуштоодо. Өзбекстан Кыргызстанга 2005-жыл үчүн 350 миллион куб. метрге келишим түзгөн, бирок 1-августтан баштап газ берүүдөн баш тартты. Муну талдоочулар качкындар маселеси менен байланыштырып, муну убактылуу көрүнүш катары баалап жатышат. «Кыргызгаз» жетекчилигинин маалыматы боюнча, эки өкмөт 2006-жыл үчүн газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү октябрь-ноябрь айларында баштайт. Учурда Кыргызстандын Өзбекстанга 1 млн. 200 миң доллар акчалай карызы бар.