Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

АКШнын түштүгүнө катуу шамал жакындап баратат


Мексикалык булуңдан АКШнын түштүгүнө жакындап бараткан бороон бешинчи категорияга чыгаары, башкача айтканда, эң күчтүү болоору эскертилип жатат. “Катрина” деп аталган катуу шамалдын ылдамдыгы саатына 250 чакырымга жетиши мүмкүн экендиги айтылууда. Бул бороон дүйшөмбү күнү Жаңы Орлеан жана Луизиана штаттарына жетээри кабарланды. Ушул тапта Луизианада жана коңшулаш Миссисипи штатында өзгөчө кырдаал киргизилди. Жаңы Орлеандын мэри жарым миллиондой калкты там-жайларын таштап кетүүгө чакырды. Шамал катуу болот деген шаарлардан он миңдеген адамдар башка жерлерге көчүрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG