Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кыргыз бийлиги 15 өзбек атуулун үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр


БИШКЕК. Финляндия, Нидерландия жана Швеция учурда Ош шаарында утурумдук тергөө абагында кармалып турган өзбекстандык он беш атуулду кабыл алууга расмий түрдө макулдугун бере элек. Аталган өлкө жетекчилери өзбекстандык атуулдарды алууга ниети бар экендигин буга чейин билдиришип, аларды кайрадан Өзбекстанга өткөрүп бербей турууну кыргыз бийлигинен өтүнүштү. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 18-августта «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Бекназаровдун айтымында, учурда жогоруда аттары аталган өлкөлөр бул өзбек атуулдарына качкын макамын берип, алып кетүү маселесин иликтеп жатышат. «Эгерде аталган өлкөлөр он беш атуулду алабыз деп расмий түрдө билдиришсе, кыргыз бийлиги аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр», - деп кошумчалады Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG