Ирактын өкмөт башчысы Ибрахим ал Жаафари өлкөнүн Конституциясынын долбору бир жуманын ичинде даяр болот, деп убада берди. Эгерде 22-августка чейин пикир келишпестиктер жөнгө салынбай турган болсо, Ирак жаңы саясий кризиске туш болушу ыктымал. Конституцияны долборун иштеп чыгуу убактысы тараптар негизги маселелер боюнча, атап айтканда, исламдын өлкөдөгү ролу, федерализм жана табыгый байлыктарды бөлүштүрүү маселеси боюнча орток пикирге келе албай койгон соң кабыл алынды. АКШнын Ирактагы өкүлү Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр шаршемби күнү улана тургандыгы күтүлүп жатканын билдирди.