“Кыргызпочта” ишканасынын облустук башкармалыгына чогулган Жалалабат шаардык почта кызматынын адистери эмгек акыларынын өтө аздыгына нааразы болушту. Маянанын аздыгына карабай, кат-кабар ташып, ардагерлерге пенсия, жөлөк пул жеткиргендердин социалдык шарты оор. Тармак кирешелүү болсо да, аларга кошумча акы төлөнбөйт, сыйлык берилбей, почта имараттары оңдолбогон, кардарларга шарт түзүлгөн эмес:
- Биз жакшы эле киреше беребиз. Биздин отурган жерибизге ит деле отурбайт. Ремонт жок. Ремонт кылганга, айлык акы алууга киреше бар. Ошогу карап бергиле, биз андан башка эч нерсе сураган жерибиз жок, - деди ал жөнүндө шаардагы №12 почта түйүн башчысы Саипжамал Исакова.
Облустук башкарманын орунбасары Жаныбек Айдаров ага мындай жооп узатты:
- Шаардык филиал өзүнчө мекеме болгон, өзүнүн эеб-кысабы, банкта эсеби бар, өзүнүн кирешелерин өзү иштеткен. Ошол мезгилде эмнеге Исманалиевге суроо бербедиңер, кирешеден бизге бергиле деп.
Эркин Жумабаевдин ою боюнча кемчилик башкармалыктын өзүндө жана шаардык түйүн облустан бөлүнгөндө ката кетирилген:
- Облустук филиал болуп бөлүнгөндө бүт ошого чейинки топтолгон карыздарды шаардык филиалга бөлүп берип, итке мингизип койгон. Ошонун айынан ремонт болгон жок. Бүт телефон, свет, суу, баарына карызга отуруп калган.
Почтальон Элмира Султанова башкармалыктын сатылбай калган гезит-журналдардын акчасы кармалып калганы менен макул эмес:
- Көпчүлүк почтольондордун айлык акысы 600-700 сомдон болуп атат. 1200 сомдук сатылбай турган гезиттер берилет. Аны эч ким албайт. 650 сомдук айлык акыбызды албай эле кол коюп беребиз. План толтуруп, гезиттерди саткыла деп бизди мажбур кылышат.
Аскар аттуу кызматкер жетекчилердин айлыгын кыскартып, кызматкерлердикин көбөйтүүнү сунуш кылды:
- Айлыкты эмне үчүн чиновниктер өз алдынча көбөйтүп алышат. Ошол айлыктан кыскартып, почтольондордукун көтөрүп койсо деген сунуштар бар.
Кызматкерлердин «Кыргызпочта» ишкана башчысын облуска чакырып, маселени чечүүгө кылган талабы колдоо таппагандыктан азырынча иш таштоого барбай, мамлекеттик департамент менен транспорт коммуникация министрлигине кайрылмай болушту. Давлат Турсунова аттуу кызматкер Курманбек Бакиевге кайрылды:
- Президентке кайрылабыз, Курманбек Бакиевден суранабыз, биз да калкбыз, биз да жашагыбыз келет. Айлыгыбызды бир аз көтөрүп койгулачы.
Орунбасар Жаныбек Айдаров кызматкерлердин талабын аткарууга аракет көрүлөрүн билдирди:
- Биз өзүбүзгө айлык көбөйтүшкө укугубуз жок. Бизде минтранс, мамлекеттик департамент бар, ошол жактан көбөйтөт. Пртокол түзөбүз, Бишкекке кат жазып, айлык акыны көбөйтүп бергиле деп кайрылабыз. Чындыгында булардын айлыктары азыраак.