БИШКЕК. Кыргызстандагы адам укугун коргоо уюмдары биригүүгө аракет жасап, өздөрүнүн «Эркиндиктин үнү» аттуу бирикмесине расмий макам алууга умтулууда. Бул максатта укук коргоочулар Ысыккөлдөгү «Радуга» эс алуу жайында жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу «Фридом хауз» уюмунан 5-августта кабарлашты. Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укугун коргоо багытында алга жылуу бар экенин, бирок укук бузуулар арбын жолугаарын белгилешкен. Талкуунун жүрүшүндө укук коргоочулар коммерциалык эмес юридикалык тарап түзүп, ал аркылуу өкмөт менен расмий иштөөгө өтүү идеясын жакташты. Укук коргоочулардын жыйынына ЮСАИД, «Фридом хауз» уюмдарынын жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.