Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

БУУнун качкындар иши боюнча комиссариаты өзбек качкындарын үчүнчү өлкөгө чыгаруу аракетин улантат


Качкындар кечээтен тартып Жалалабаттан Бишкекке учак менен алынып келинүүдө. Алардын ташуу иши бүгүн да улантылмакчы. БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Карлос Закагнинин билдиргенине караганда, үчүнчү өлкөгө жалпысынан 451 өзбек качкыны чыгарылат. Бирок БУУнун өкүлү ал кайсыл өлкө экенин айткан жок. Качкындар чыгарылуучу үчүнчү өлкөнүн бири катары Чехия аталып жатат. Чех ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Радка Коварова "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна кечээ буларды маалымдады:

- Мен Чехия айрым өзбек качкындарын кабыл алуучу өлкөлөрдүн бири катары каралып жатканын ырастай алам. Бирок биз ушу тапта эл аралык уюмдар жана институттар менен сүйлөшүп жатабыз, алар азырынча бир чечимге келе элек.

Радка Коварова ошондой эле Чехия тандалып алынган өлкөлөрдүн бири болгону менен өзбек качкындарынын баарын кабыл албасын кошумчалады.

Мунун аралыгында Женевадан БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиз Арбоур Өзбекстандын расмий адамдары Кыргызстанга келип, жергиликтүү бийликтерге качкындарды аларга өткөрүп берүүсү үчүн кысым көргөзүп жатканына тынчыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG