Америкалык аскерлер Баткен коогалаңында чет эл террорчуларынан коргоодо таасирлүү болушкан. Журналист Абдраим Нарбаевдин пикири боюнча, президенти шайланган Ооганстанда саясий стабилдүүлүк орногондуктан Борбор Азияда чет эл аскерлерин кармоонун зарылдыгы жок:
- Өздөрүнүн президентин шайлап, өлкөдө стабилдүүлүк жүрүп, бардыгы калыбына келип турат. Албетте ШКУнун чечими эң туура деп ойлойм. Буларды чыгарып кетүү керек, бул жерде туруусунун кажети деле болбой калды.
Жалалабаттык Шухрат Айтикеевдин пикиринде болсо, “Манас” аэропортунан учканы үчүн акча төлөгөн америкалык аскерлердин Кыргызстанда турганы дурус. Ооганстандан бери эл аралык терроризм, наркобизнес, диний экстремизм коркунучу олуттуу турганда, өлкөбүз АКШ, Кытай, Орусиядан кол үзбөгөнү ийги:
- Америкалыктар бул жерде бекеринен отурган жок. Алар ар бир самолеттун учуп-конгону үчүн баланча миң доллар төлөшөт. Бул биздин экономикага өтө чоң пайдасын тийгизет деп ойлойм. Талаш-тартыш болуп атат. Азырынча үч өлкө менен тең жакшы, бирдей, тең мамиле курушубуз керек. Үчөөнөн тең болушунча пайда алышыбыз керек.
Адам укугун коргоо комитетинин түштүк аймагындагы коoрдинатору Кубаныч Маматкеримов аскер базаларын чыгарууга али эртелик кылаарын билдирди:
- Буларды чыгарып кетүү туура эмес деп эсептейм. Эгер алар чыгарып кете турган болсо, бул жерде Орусиянын, же жакынкы эле өлкөлөр Казакстан менен Кытай жана Өзбекстандын жеке кызыкчылыгы болуп калат дагы, алар Кыргызстанга өздөрүнүн басымдуулугун артыруунун аракети болот. Ошондуктан азыр базаны чыгарып кетүү эрте деп эсептейм.
Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун көз карашында, авиабазалар өлкөдө канча болуу мөөнөтүн так айтуусу зарыл:
- Азыр террористтер, «Хизб-ут Тахрир» сыяктуу уюмдар күндөн-күнгө көбөйүп атат. Азыркы мезгилде турганы деле туура болуп эсептелет. Бирок сөзсүз түрдө убагы көрсөтүлүш керек.
Koммунист Зейнеп Мамытканова ШКУнун чечимин туура дейт:
- Бизге согуштук базанын кереги деле жок. Орусиянын, Белорусиянын базасы менен алака кылышыбыз керек. Алар менен биз ар дайым Улуу державада катары бир туугандай жашап келгенбиз. Мындан ары да бир туугандыкта жашап кетишибиз мүмкүн.