Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

К. Бакиев кылмыш жасаган качкындар өткөрүлөт деп билдирди


БИШКЕК. Өзбекстандык качкындардын тагдыры үч тараптын Кыргызстан, Өзбекстан жана БУУ алдындагы качкындар комиссариатынын катышуусу менен чечилет. Бирок арасында киши өлтүргөндөр, террорчул иш- аракеттерге, жардырууларга катышкандары Өзбекстанга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелери да бар, бирок Өзбекстан менен түбөлүк коңшу экенин да унутпашы керек. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров буга чейин берген маалыматка караганда, 12 качкындын кылмыш жасагандыгы да өзбек бийлиги берген материалдар боюнча далилденген. Курманбек Бакиев калган качкындарды эл аралык уюмдар үчүнчү мамлекеттерге берүү ниетин билдирсе, кыргыз бийлиги каршылык көрсөтпөйт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG