Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Лондон полициясынын айтымында, 21-июлдагы окуялар террор аракеттери болчу


Лондон полициясынын айтымында, шаарда 21-июлда болгон окуялардын максаты - террор аракеттерин уюштуруп, адамдарды өлтүрүү болчу. Шаардык полициянын башчысы Йэн Блэрдин айтымында, кечээки жана 7-июлда ишке ашырылган жардыруулар ортосунда окшоштуктар болгону менен, алар түз байланышта экени тууралуу далил жок, тергөө жаңы гана башталды:

- Менин түшүнүгүмдө, кээ бир жарылуучу заттар жарылбай калган, адистер азыр анын баарын изилдеп жатат жана жыйынтык чыгаруу азырынча эрте.

7-июлда Лондондун метросунда үч жана дагы бир автобуста бир жарылуу болгондон 56 адам набыт кеттип, жети жүзгө жакын киши жараат алган. Эки аптадан кийин, 21-июлда Лондондо дагы төрт жарылуу болду - анын үчөө метродо жана бирөө автобуста. Бир гана адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG