Кечээ күнү Брюссел шаарында Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны болуп, анда Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мурдагы баш катчысы Ян Кубиш Биримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Андан тышкары жыйында Өзбекстандагы абал дагы талкууланып, анын жетекчилигинин саясаты сынга алынды. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө салынууга тийиш:
- Кеңеш дагы бир жолу Өзбекстандагы абал боюнча өз тынчсыздануусун билдирди жана Анжиян окуялары боюнча көз карандысыз эл аралык тергөө жүргүзүүгө макул болбой жаткан өзбек бийлигин сынга алды.
Расми Ташкендин айтымында, 13-майдагы кагылышуулардан Анжиянда 187 адам курман болгон, укук коргоо уюмдары болсо кеминде 750 адам өлгөн деп айтууда.