Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Кыргызстан ЕККУда добуш берүү укугунан кол жууду


БИШКЕК. Кыргызстан ЕККУга мүчөлүк акысын төлөй албай калып, добуш берүү укугунан ажыратылды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр жана ЕККУ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Арслан Анарбаев тастыктады. Анын айтымында, Кыргызстан бүгүнкү күндө ЕККУга 900 миң евродон ашык каражат карыз. Кыргызстан мүчө мамлекет катары ЕККУга жылыга 75 миң евро мүчөлүк акы төлөшү керек. Арслан Анарбаевдин айтымында, ыңкылаптан кийинки убактылуу өкмөт жок дегенде жарым жыл үчүн 37 миң евро таба албай калып, ушул жылдын июнь айында добуш берүү укугунан ажыратылды. “Бул мамлекеттин эл аралык абройнуа шек келтире турган кырдаал, андыктан учурда жок дегенде бир жылдык мүчөлүк акыны тез арада төлөө аракеттери жүрүп жатат” дейт Арслан Анарбаев. ЕККУнун июль айынын башында Вашингтондо өткөн жыйынына катышып келген парламент депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, мүчөлүк акы төлөй албай калган Кыргызстан менен Түркмөнстандын делегациясы чечүүчү соңку жыйындан чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

XS
SM
MD
LG