Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. 13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда өткөрүлгөн кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарган токтом кабыл алды. Анда 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоо өттү деп белгиленип, талапкер Курманбек Бакиев 88,71 пайыз добуш алгандыгына байланыштуу Кыргызстандын президенти деп жарыяланды. Токтомдун бир көчүрмөсү Конституциялык сотко жолдонду. Президенттик шайлоодо жалпысынан 2 млн. 675 миң шайлоочу катталган. Алардын 2 млн. 204 миңи же шайлоочулардын 74,96 пайызы катышкан. БШКнын токтомун Конституциялык сот 7 күндүн ичинде карап, өзүнүн корутундусун берет.

XS
SM
MD
LG