БИШКЕК. Жалалабад облусунун Сузак районунда турган өзбек качкындарынын маселеси Кыргызстан, Өзбекстан жана Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Башкы комиссарлыгынын катышуусу менен чечилиш керек. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 11-июлда билдирди. Тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын маалымдоосуна караганда, өлкөнүн тийиштүү органдары качкындар боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгууга аракеттенүүдө жана ал жакын арада мамлекет башчысына берилмекчи.