БИШКЕК. Кыргызстандагы президенттик шайлоонун өтүшү менен өлкө элин Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан куттуктады. Бул тууралуу БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 11-июлда кабарлап, президенттик шайлоонун өтүшү Кыргызстандын саясий институттарын бекемдөөчү маанилүү кадам болгондугун белгиледи. Ошондой эле Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кыргызстандын бийлигинин жаңы жетекчиси менен өнөктөш катары кызматташарын билдирди.