БИШКЕК. 10-июлда боло турган президенттик шайлоо мурдагы шайлоолордон ачкыктыгы жана шайлоочулардын тизмесинин тактыгы менен айырмаланууда. Мындай билдирүүнү 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов эл аралык байкоочулар жана журналисттер менен жолугушууда жасады. Анын айтымында, бул жолу 2 миллион 559 миң адам добуш берүүгө катышат. Бирок бул сан өзгөрүшү мүмкүн, себеби, шайлоочулардын санын тактоо добуш берүү аяктаганга 2 саат калгычакты жүргүзүлө берет. 2 миллион 670 миң бюллетень даярдалып, шайлоо участкаларына жеткирилди.