Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

2012-жылдагы Олимпиаданын ээси болууга умтулган беш шаардын күйөрмандары соңку үгүт иштерин жүргүзүүдө


Эл аралык Олимпияда комитети эртең Сингапурда 2012-жылдагы Олимпиада кайсыл шаарда өтөөрүн жарыялайт. Олимпиада үчүн атаандашып жаткан беш шаар: Париж, Москва, Лондон, Нью-Йорк жана Мадриддин күйөрмандары таразанын ташын өздөрүнө оодаруу үчүн соңку аракеттерин көрүүдө. Сингапурда Лондон үчүн күйөрман болгондордун арасында британ премьери Тони Блер, футбол жылдызы Девид Бэкхем, Париж үчүн президент Жак Ширак, Нью-Йорк үчүн сенатор Хиллари Клинтон, даңазалуу боксчу Мохамед Али, Мадрид үчүн испан канышасы София, премьер-министри Хосе Луис Сапатеро бар.

Орус президенти Владмир Путин эртең Москвадан Сингапурга түз теле байланышка чыкмакчы. Британ премьери Тони Блэр бүгүн Сингапурдан сүйлөп мындай деди:

- 2012-жылы Лондондун деми олимпиадалык кыймылдын эң мыкты деми болот.

Көптөгөн баяндамачылар олимпиада үчүн атаандашкан беш шаардын көч башына Лондон менен Парижди чыгарып, акыркысы катары Москваны аташууда

XS
SM
MD
LG