Европа менен Борбор Азия чөлкөмүнүн 50 дөн ашуун өлкөсүнүн ага чогулган өкмөт өкүлдөрү менен укук коргоочулар үч күндүк конференция учурунда балдарды үй-бүлөдө, мектепте, коомдо көргөзүлгөн зомбулуктун түрдүү аспектилерин, балдарды коргоону жакшыртуунун жолдорун талкуулашат. Словениянын өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, жыйын БУУнун дүйнөдө балдар укугунун сакталышы боюнча глобалдык отчетун даярдоонун алкагында өткөрүлүүдө.