Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Өзбек улуттук маданий борборунун кезексиз курултайы болду


ОШ. 2-июль күнү Ош шаарында өзбек улуттук маданий борборунун кезексиз курултайы болуп өттү. Курултайдын жүрүшүндө буга чейин атаандаштыкта иш алып барып келген Өзбек улуттук маданий борбору жана Өзбек жамаатык коомдук уюму бир улуттук борборго биригишти. Андан сон курултайдын делегаттары жаныдан түзүлгөн Өзбек улуттук маданий борборунун 32 адамдан турган башкаруу кеңешинин курамын бекитти. Борбордун президенттигине спорт чебери Ахмат Рахимовдун талапкерлиги көрсөтүлүп, бир добуштан колдоого алынды. Андан кийин курултайдын жүрүшүндө 10-июлда Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоого карата маселелер талкууга алынып, шайлоого активдүү катышуу демилгесин көтөргөн кайрылуу кабыл алынды. Куралтайдын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары Давран Сабиров, Махаматжан Мамасаидов жана Инамжан Абдрасулов катышты. Жыйындын аягында анын катышуучулары улуттук маданий борборду айрым лидерлердин эмес Кыргызстандагы өзбек улутунун кызыкчылыгы үчүн пайдалануу максатында жумушчу программаларды кайрадан карап чыгуу демилгеси менен чыгышты.

XS
SM
MD
LG