Ага ЕККУга мүчө болгон 55 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатышат. Отурумдун күн тартибинде каралчу маселелердин арасында мурунку Cоюздук респбуликалардагы, анын ичинде Тоолуу карабах, Абхазия жана Днестр бою тууралуу аймактык чыр-чатактарды жөнгө салуу тууралуу маселе каралат. Мындан тышкары сессиянын жүрүшүндө ЕККУнун “Демократиялык журналистика үчүн” сыйлыгы Украинанын 5-канал телекомпаниясына ыйгарылмакчы. Аталган телекомпания өткөн жылы Украинадагы саясий кризисти чагылдырганы үчүн бул сыйлыкка татыктуу болгон.