Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Ошто жакында болгон табигый кырсыктары келтирген чыгым такталды


ОШ. 22-июнь күнү Ош облустук мамлекеттик администрациясында болуп өткөн жыйында облустун жарандык коргонуу штабынын башчысы Сапарбай Эрматов июнь айынын башында Ноокат, Өзгөн жана Каракулжа райондорунун аймагында жүргөн селдин кесепетинен облустун калкы жалыпысынан 70 млн. сом чыгымга учурагандыгын билдирди. Жарандык коргонуу башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, 2225 үйдү суу каптап, 114 үй жашоого жараксыз абалга келтирилген, 163 короо жайды сел түп орду менен алып кеткен. Нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында пайда болгон сел 91 чакырым автожолду зыянга учуратып, 61 чакырым узундуктагы каналды жараксыз абалга алып келген. Жыйындын жүрүшүндө келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды табуу, жабыр тарткан үй-бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүү маселелери талкууга алынды.

XS
SM
MD
LG