БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун тегерегинде түзүлгөн кырдаалды жакынкы күндөрдөгү отурумунда талкуулайт. Ошондой эле ушул апта соңунда Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн өткөрүлөт. Бул тууралуу эки токтомду Жогорку Кеңештин депутаттары 6-июндагы отурумунда кабыл алышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, өкмөттүк күндө парламенттин соңку эки айдан бери жаңы бийликке берген тапшырмаларынын аткарылышы талкууланат. Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинен тарта Жогорку сот өз ишмердүүлүгүн жүргүзбөй келет. Бул маселе да палата отурумунда карала турган болду.