Бээжин шаарынын борбордук аймактарын кытай полициясы бүгүн өзгөчө кайтарды, анткени Тянанмын кыргынына бүгүн 16 жыл толду жана аны менен байланыштуу эл тарабынан кандайдыр бир митинг-демонстрациялар өткөрүлүшү мүмкүн болчу. 1989-жылы май айында миңдеген студент борбордук аянтка чыгып, демократиялык реформаларды талап кылган. Митинг бир нече аптага уланган жана 3-4-июнь күндөрү бийлик аны танкилер менен тараткан. Канча адам өлгөнү эмгиче так белгисиз.