Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Талапкерлерге коюлган талапты 9 адам аткарды


БИШКЕК. Кыргызстандын президенттигине талапкерликке көрсөтүлгөн 22 атуулдун ичинен 11 адам шайлоочулардын колун чогултуп, шайлоо комиссияларына тапшырды. Булардын ичинен 9 талапкер 50 миңден ашык адамдын колун чогултуп, эки талапкер кол топтоо боюнча коюлган чекке жеткен жок. Эми чогултулган кол текшерилгенден кийин расмий каттоодон өтчү талапкерлердин саны такталат, себеби, айрым талапкерлер бир облустун аймагынан 1 миң 500дөн кем эмес кол чогултат деп, кодексте көрсөтүлгөн чектен бир аз эле ашыкча кол топтоого жетишкен. Ал эми чогултулган колдун саны боюнча биринчи орунда 419 жарым миң кол чогулткан Курманбек Бакиев, андан кийин 150 миңге жакын кол топтогон Турсунбай Бакир уулу турат. Кол топтоо талабын аткарган талапкерлердин ичинен 4-июнда Токтайым Үмөталиева менен Урматбек Барыктабасов тил сынагынан өтүшөт.

XS
SM
MD
LG