Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Башкы прокуратура Аскар Акаевди суракка алуу аракетин көрөт


БИШКЕК. Башкы прокуратура тарабынан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди суракка алуу аркети жасалат. Ал үчүн жакынкы күндөрү башкы прокуратуранын тергөө тобу Москвага барышы мүмкүн. Түрк өкмөтү тарабынан Анталиянын жээгинде Кыргызстанга бөлүнүп берген жерге кимдер тарабынан имараттар кайсы каражатка жана кимдер тарабынан курулуп жаткандыгы да иликтенет. Ал эми Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди камакка алууга санкция берилди. Бул тууралуу 1-июнда Баш прокурор Азимбек Бекназаров пресс-конференцияда билдирди. Баш прокурор маалымдагандай, АКШнын «Либерман» юридикалык компаниясы экс-президент Аскар Акаевдин, мурдагы бийликте жогорку кызматтарды ээлеген чиновниктердин чет өлкөлөрдөгү банк эсептерин текшерүү, Кыргызстанга келген кредиттердин, гранттык каражаттардын банктар аркылуу которулушун, аларды иштетүү жолдорун иликтей баштады. Компаниянын кызматы үчүн 500 миң доллар төлөндү. Андан сырткары, мындай иштерге башка чет өлкөлүк юридикалык компаниялар да тартылмакчы.

XS
SM
MD
LG