Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АКАЕВДИ СУРАККА АЛУУГА ДАЯРДАНУУДА


1-июнда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, коррупциялык иштерди иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, Башкы прокуратура Акаев баш болгон кыргыз чиновниктеринин акчасын чет өлкөлөрдө издөөгө аракет жасап, Акаевдин өзүнө бир нече суроо менен кайрылууга даярдык көрүп жатат.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров май айынын үчүнчү бөлүгүндө Европада жумуш сапар менен болуп кайтты. Сапардын максаты тууралуу Бекназаров буларды билдирди:

- Вена шаарында эл аралык деңгээлдеги адвокат Либерман менен келишим түзүп келдик. Ал адвокат эми биз берген тапшырмаларды чет өлкөлөрдө аткарат. Мурунку президент Аскар Акаевдин айланасындагы чиновниктердин, жалпысынан жүздөн ашык адамдын тизмесин берип, ушулардын акчасын табуу маселесин койдук. Алардын ичинде Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн фамилиялары да бар.

Либерманга кызматы үчүн кыргыз өкмөтү 500 миң доллар төлөп бермекчи. Андан башка бир адвокаттык контора Акаевдердин акчасын издешүүгө өз ыктыяры менен киришүүдө. Бирок ага табылган акчанын 5 пайызы төлөнүп берилмекчи.

Биздин мындай аракеттен кийин Аскар Акаев да жөн жатпай чет өлкөлүк адвокаттарды жалдап жатат дейт Азимбек Бекназаров:

- Ал дагы биздин угушубузга караганда 50 миллион долларга адвокат жалдап алып бизге каршы иштеп жатат. Акчаларын катууга аракеттенүүдө. Андан башка Орусиялык адвокаттык контораларды жалдап иштетип жатат. Эми 50 миллион менен 500миңди салыштырып көрүңүз. Ошондуктан биздин атуулдар 500 миң долларга өкмөттүн адвокат жалдоосун кымбат десе, мен аны жүз эселеп кайтарабыз деп ишендирем.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун айтымында, президенттик администрациянын мурунку башчысы Тойчубек Касымов мамлекетке 2 миллион 200 миң сомдук мүлктү кайтарып берди. Дагы башка да жогорку чиновниктер ушундай аракеттерге барып жатат. Ал эми Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди камакка алуу боюнча прокуратура санкция берди.

Башкы прокурор жакын арада Москвага сапар менен бармакчы. Ошондо Аскар Акаевге бир катар суроолор менен кайрылууга аракет жасайбыз, дейт Бекназаров. Ал суроолордун бирөөсү президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов менен Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун Аскар Акаевге 480 миң доллар берүүсүнө байланыштуу болмокчу. “Бул эки чиновник акча бергенин мойнуна алды. Эми биз Акаевден аны алган-албаганын сурап көрүшүбүз керек”-, деп белгиледи Бекназаров.

Акаевдин адвокаттары Максим Максимович жана Акин Токталиев Акаевдердин мүлкүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов жана Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун билдирүүлөрүн төгүндөп, аларды сотко берерин билдирген.

Сотко кайрылуу Акаевдин укугу деген Бекназаров, Башкы прокуратура жогорку деңгээлдеги коррупция боюнча ондон ашуун кылмыш ишин козгогон жана алардын баары боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө, деп билдирди.

Ал эми Либерман болсо 1990-жылдардын башында Кыргызстандан чыгарылып кеткен 1 тонна 800 киллограм алтындын кайда экендиги, «Кумтөр», «Центерра голд инк», «Мээрим» фонду, оффшордук аймактардагы ишканалар жана Кыргызстандын тышкы карызына айланган 2 миллиард доллардын жумуруятка келген-келбегени боюнча иликтөө иштерин жүргүзө баштады.

“Мына ушундай иштерге байланыштуу биздин кызматкерлерди коркутуу аракети жасалууда. Бирок ага карабай бул ишти аягына чыгарабыз”,- деди Азимбек Бекназаров.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG