Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Евробиримдик Өзбекстанды Анжиандагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө үндөдү


Шаркетке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселдеги кечээги жыйынында Өзбекстанды Анжиан шаарындагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимин өзгөртүүгө чакырган билдирүү кабыл алды. Эгер андай болбосо документте айтылгандай, Евробиримдик өзбек бийликтерине каршы башка чараларды көрүшү мүмкүн. Документте өзбек коопсуздук кызматтарынын күч колдонууга барганы айыпталган. Британ тышкы иштер министри Жек Стро Евробиримдик октябрга белгиленген президенттик шайлоону ачык жана адилет өткөрүү үчүн Ташкенге басым көргөзүүнү улантарын айтса, уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро -Валднер Андижандагы окуяларга карабай, Евробиримдик Өзбекстанга каржылык жардамды токтотуп же кыскартпасын маалымдады. Анжиандагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарылдыгын жана өзбек бийлигин мындай кадамга барууга чакырганын кечээ ЕККУ уюмунун Прагадагы Экономикалык форумунда анын төрагасы Дмитрий Рупель да белгилеп, расмий Ташкендин турум жөнүндө мындай деди:

-Мен бүгүн өзбек бийликтеринен жооп алдым, ал көптү үмүттөндүрбөйт. Өзбекстан бул ишти өз алдынча, эч кимди аралаштырбастан иликтөөгө ниеттүү. Алар эл аралык жардамдын кереги жок экенин айтышты.

Дмитрий Рупелдин айтымында, анын эл аралык иликтөө жөнүндөгү сунушун АКШ менен Евросоюз колдосо, Орусия тынчыздануу менен кабыл алган.

XS
SM
MD
LG