Жалалабаддагы качкындар лагеринин коопсуздугу үчүн жооп берген Абдумажид Абдурахимов Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракеттенген дагы көп киши кайра кайтарылганын да кошумчалады. Буга чейин Кыргызстандын расмий өкүлдөрү өзбек качкындары Өзбекстанга кайтарылганын танып келишкен. Кыргызстандын башкы чек арачысынын орун басары Абдысатар Режеповдун айтымында, Кыргызстан келген эле качкындарды кабыл ала албайт.